Жаңылыктар
Бөкөнбаев айылы түнкү жарыктандыруу менен толук камсыз болот
Кыргызстан жаңылыктары
Бөкөнбаев айылы түнкү жарыктандыруу менен толук камсыз болот

Тоң районунун Бөкөнбаев айылы түнкү жарыктандыруу менен толук камсыз болот. Ал үчүн каражат маселеси чечилип, учурда иш башталды. Буга чейин жергиликтүү бюджеттен бир миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп, айыл көчөлөрү 93 пайызга жарыктандырылган. 

Жалпы жети көчөдө түнкү жарык орнотулган. Бул аракеттер аркылуу элеттиктердин коопсуздугун камсыздап, ар кандай кырсыктардын алдын алуу максаты колго алынган.