Жаңылыктар
Снаряд жарылып, жоокер каза болду
Кырсык
Снаряд жарылып, жоокер каза болду

Кечээ, 19-майда Ысык-Көл облусунун Балыкчадагы 20636 аскер бөлүгүндө снаряд жарылып, бир жоокер каза болду. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди. Каргашалуу окуя кечки саат 20:30дар чамасында болгон. Контракттык негизде кызмат өтөп жүргөн катардагы жоокер ок-дарыларды колдонууда коопсуздук чараларын кескин бузган. Ал жанында турган снарядды көздөй таш ыргытып, соккудан улам жарылуучу зат ишке кирип, жарылуу болгон. Учурда аскердик прокуратурасы тарабынан иликтеп-териштирүү иштери жүрүүдө. Буга чейин да бул аскер бөлүктө жоокерлердин өлүмүнө байланышкан кырсыктар болгон.

Каргашалуу окуя, 19-май күнүкечки саат 20:30дар чамасында болгон. Контракттык негизде кызмат өтөп жүргөн катардагы жоокерок-дарыларды колдонууда коопсуздук чараларын кескин бузуп, жанында турган снарядды көздөй таш ыргыткан. Катуу соккудан улам жарылуучу зат ишке кирип, катуу жарылуу орун алган. Анын кесепетинен катардагы жоокер түрдүү жаракаттарды алып, дароо Балыкчы шаарынын ооруканасына жеткирилгени менен саат 21:30 дар чамасында ал көз жумган. “Учурда кырсык боюнча кызматтык иликтөө башталып, Балыкчы гарнизонунун аскердик прокуратурасы тарабынан иликтеп-териштирүү иштери жүрүүдө”- деп билдирди Башкы штабдын маалымат кызматынын өкүлү Рима Даниярова.

Балыкчыдагы аскер бөлүктөрү буга чейин да бир катар чырлуу окуялары менен белгилүү. Үстүбүздөгү жылдын 18-февралында аталган бөлүктүн мөөнөттүү аскер кызматынын катардагы жоокери каза болгон. Чогуу кызмат өтөгөн эки жоокер танктын үстүнө чыгып, автомат менен сүрөткө түшүп жаткан учурда жанындагы жоокер экинчисин байкоосуздан башка атып алган. Ошол эле күнү куралдан ок атуу учурунда мөөнөттүү аскер кызматынын дагы бир катардагы жоокерге кабыргасына ок тийип жарадар болгон.

Андан сырткары дал ушул эле аскер бөлүктө өрт чыгып, бир жоокер каза болсо,  2012-жылы аталган шаардагы аскер бөлүктөрдүн биринен жоокерлер качкан.  Алар жетекчилери кордоп-кодулап, ур-токмокко алганын жана жалчы катары пайдаланганын айтып даттанып, Жалал-Абаддагы аскер прокуратурасына кайрылганы коомчулуктун эсинде болчу. Отставкадагы генерал-майор Ашырбек Бакаевдин пикиринде, жоокерлерди катарга алууда алардын моралдык-психологиялык абалын тыкыр текшерүү зарыл.

Деген менен аскердерги инсиденттер өлкөнүн башка аймактарында да болуп келет. Өткөн жылдын соңунда, 28-декабрда Улуттук гвардиянын 714-бөлүгүндөгү кароолдо турган аскер эки сержантты атып салганы. Алган жаракаттан улам алардын бири ооруканада жан бергени коомчулукта чоң талкууну жараткан.Армияда тартипти орнотуу, жаңы келген аскерлерди опузалаган көрүнүштөрдү кыскартуу аракети көрүлгөнү менен жоокерлердин бири-бирине ок чыгарган учурлары катталып жүрөт. “Буга жетекчилик жана тарбиялаган офицерлер да күнөлүү”- деп кошумчалайт Ашырбек Бакаев.

Аскердик маселер боюнча талдоочу Токтогул Какчекеевдин белгилөөсүндө бул жерде жоокерлердин өздөрүнүн күнөсү чоң. Ок атуучу куралдарды жана жарылуучу заттарды колдонуунун эрежелерин туура эмес сактаган жана коопсуздукка кайдыгер мамиле жасалган. Ошондой эле талдоочулар жоокерлерди аскер кызматына алууда психологиялык абалын жана билим деңгээли текшерүүчү тест алуу зарыл дейт. Андан сырткары аскерлердин үй-бүлөлүк абалына, таалим-тарбиясына да көңүл бөлүү керек.

2010-жылдан 2016 жылга чейинки аралыкта Аскер прокуратурасы аскер кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу 5 факты боюнча кылмыш ишин козгогон. Алардын көбүнчөсү аскерде кызмат өтөп жүргөн учурунда бири-бирине кол салуу жана  чыр-чатактан улам болгон кырсыктар.

С. Идирисов, “Биринчи радио”