Жаңылыктар
"Санарип Кыргызстан”: Керектүү документтерди кыска убакытта алуу шарты түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
"Санарип Кыргызстан”: Керектүү документтерди кыска убакытта алуу шарты түзүлдү

“Санарип Кыргызстан” программасынын алкагында калкка ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматында катарга тизилген кезек кыскарып, жарандар керектүү документтерди кыска убакыт аралыгында алууда. Жарандардын паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк сыяктуу документтерди тез эле алып жатканына ыраазычылыгын социалдык тармак аркылуу билдирген Назира Ахмедованы борбор калаадагы 2-калкты тейлөө борборунан кезиктирдик. Назира мектепти аяктап жаткан уулуна паспорт алуу үчүн кайрылганда, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү мөөр өчүп калгандыктан, жаңысын алуу көйгөйү жаралган. Бирок ал документти ашыкча түйшүгү жок эле 15 мүнөттүн ичинде алган.

Ал эми Патидин Орозалиев жалпы жарандык паспорт алууга документ тапшыруу үчүн келген. Каарманыбыз электрондук кезеги тез эле келип, документ тапшыруу процесси 10 мүнөттүк гана убактысын алганын айтты.

Жоголгон паспорттордун ордуна жаңысын алуу дагы кыйла жеңилдеди. Мурда туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн тарта чарба китепчесине чейин чогултса, азыр паспортун жоготкондугу тууралуу арызы менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып келсе жетиштүү. Паспорттуңуздун колдонуу мөөнөтү аяктаган болсо, аны да тез эле алмаштырып алсаңыз болот.

Калкты тейлөө борборлору жарандарга 20дан ашуун кызмат көрсөтөт. Ар бир борбордо маалымат берүүчү кызмат иштейт. Кайсы бир документ алам деген жарандар бул жерден документ топтоо, алуу боюнча билбеген суроосуна жооп ала алат. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтына кирип, бардык маалыматты алып, тиешелүү документтерди топтоп алып анан барса, жогоруда айтылгандай документ тапшырууга 10-15 мүнөт гана убакыт сарпталат. 