Жаңылыктар
Өлкөдөгү бардык айылдарды таза суу менен камсыздоо иши уланат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдөгү бардык айылдарды таза суу менен камсыздоо иши уланат

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүгө багытталган, аз чыгымды талап кылган долбоорлорду ишке ашыруу максатында 10 млн доллар каражат бөлөт. Ага өлкө аймагындагы бир нече шаар, айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо, санитарияынын сапатын жакшыртууга иштери жүрөт. Долбоордун жыйынтыгы менен 400 миңден ашык адам таза суу менен камсыз болору айтылды.

Азия өнүктүрүү банкынын каражаты Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы таза суу долбоорлоруна берилмекчи. 10 млн доллар кайтарымсыз каражат болуп эсептелет. Маселен, Ош шаарында саркынды сууну тазалоо тутуму жана жаңы суу кампасы курулат.

Таза суу Каракол шаарында да курч турган көйгөйлөрдүн бири. Үй ичинен чыккан суунун сапатына көп дооматтар айтылып келет. Долбоордун алкагында Каракол шаарындагы Кашка суу кампасынан калаанын саркынды сууну тазалоочу курулмаларына чейинки негизги суу түтүгүнүн курулушу жүрмөкчү. Ал эми Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында саркынды сууну тазалоочу курулма реабилитациядан өтөт.

Азия өнүктүрүү банкы 10 млн гранттык каражаттын бир бөлүгүнө Нарын облусундагы айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга даярдоо боюнча консультативдик кызмат көрсөтөт. Буга 2,5 млн доллар каралган. Мындан сырткары “Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында, Каракол шаарында таштандыларды чыгаруу боюнча кеңеш берүүчү кызмат көрсөтүү долбоору бар.
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда жалпы 40 млн долларга жакын каражатка долбоорлорду каржылоодо. Анын 10 млн доллары грант түрүндө келсе, буга чейин банк дагы 28 млн долларга чукул жеңилдетилген насыя катары бөлгөн. Буга кошумча кыргыз өкмөтү 5,5 млн доллар каражатка өлкөнүн тоолуу аймактарында жашаган 65 миңге чукул калктын таза суу маселесин чечүүгө багытталган долбоорду ишке ашырууда. Адистердин айтымында бул өңдүү гранттык каражаттар өлкө бюджети үчүн жакшы жардам болууда, ошол эле кезде алар сарамжалдуу пайдаланылышы керек деп эсептешет.

Эл аралык уюмдар биринчи изилдейт, каражат керекпи кереги жокпу, кайсы тармакка болобуз деп. Анан чечим кабыл алышат. Мисалы Каракол шаарына суу тазалоочу обьект керек болсо анын баарын эсептеп, анан каражат болунуп атат. Бизге деле жакшы болуп атат да. Таза суу болсун деп иштесек, бул кошумча жумуш орун да болуп атат. 10 млнду мисалы биз башка социалдык жактарга жумшасак болот. 

Долбоордун жыйынтыгы менен 400 миңден ашык адам ичүүчү таза суу менен камсыз болот деп эсептелүүдө. Мындан сырткары долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүндө бир нече жаран жумуш орду менен да камсыз болмокчу.