Жаңылыктар
Тажикстан Кытай жарандарынын өлкөгө киришин чектөөнү сунуштады
Дүйнө
Тажикстан Кытай жарандарынын өлкөгө киришин чектөөнү сунуштады

21-январь күнү Россиянын Томск облусуна караштуу Асинов районунда жыгач үйдөн өрт чыгып, 11 киши каза болду. Бул тууралуу россиянын басылмалары жазып чыкты.Маалыматка ылайык, жалпы 208 чарчы метр аянтты жалмаган өрт 5 сааттан кийин гана толук өчүрүлүп, кырсык болгон жерден 11 адамдын сөөгү табылган. Анын 10у Өзбек жараны жана бирөөсү орус улутундагы аял болгон. Ошондой эле качып чыкканга үлгүргөн эки адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Маалыматка ылайык, каза болгондордун баары ошол үйгө расмий катталып, жашап келген. Аталган окуяга байланыштуу "кылдатсыздыктан улам 2 жана андан көп кишини өлүмгө жеткирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.


Тажикстан коркунучтуу вируска байланыштуу Кытай жарандарынын өлкөгө киришин чектөөнү сунуштады. Бул тууралуу тажик басылмалары жазды.Анда Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитети 2019-nCoV вирусу кишиден кишиге жугушу ыктымал экенин тастыктаганы айтылат. Кытайдан тышкары, Таиландда, Японияда жана Түштүк Кореяда жалпысынан 220 адам бул белгисиз вирусту жугузуп алганы маалым болду."Тажик  бийлиги Кытайдагы вирус тууралуу маалымат тарагандан кийин аэропорттордо жана  чек ара өткөрмө бекеттеринде көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирген. Алар Тажик  жарандарына кайрылып, кырдаал турукташканга чейин Кытайга барбай турууну  сунуштады.Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Тышкы иштер министрлигинен  жана Туризм комитетинен жакында Тажикстанга келген Кытай жарандарынын аты-жөнүн жана даректерин  тактоону, аларды көзөмөлдөн өткөрүүнү суранды", - деп айтылат маалыматта.


Шри-Ланкада эгиздер дүйнөлүк рекорд коюуга аракет кылышты. Ага 5 миң эгиз катышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.Маалыматта жазылгандай, Шри-Ланкада эгиздердин дүйнөлүк рекордун жаңыртуу максатында шаардагы стадиондордун бирине эгиздерди чакыртышкан. Бирок баары ойдогудай болгон эмес. Себеби стадионго келген эгиздердин саны күтүлгөндөн да көп болуп, уюштуруучулар алардын баарын санай албай калышкан. Иш-чара узакка созулуп, тартип бузуулар да катталган. Уюштуруучулар аларды кезеги менен документин текшерип, сүрөткө тартып, каттоого алуусу керек болгон. Жалпысынан 5 миң эгиз каттоого алынгандыгы маалымдалган. Бирок азырынча алардын өтүнмөсү "Гиннесстин рекорддор китебине" кабыл алына элек. Так жыйынтыгы эки аптадан кийин белгилүү болот.Буга чейин эгиздердин рекорду 1999-жылы Тайванда орун алган. Анда 3961 эгиз катталган болчу.


Грузиянын Батуми шаарында акылдуу ит жол эрежесин көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.Батумиде акылдуу ит жол кыймылын көзөмөлдөп, балдарга жолдон өтүүгө жардам берет. Унаалар жөө жүргүнчүлөр жүргөн чийимге жетип токтошпосо ит чыга калып унаага карап үрүп, нааразычылыгын билдирет. Маалыматка ылайык, ит эгер балдардын келе жатканын көрсө, жолго чыга калып, келе жаткан унааларга үрүп, аларды токтотууга аракет кылат.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"