Бактияр Ысык-Көл облусунун тургуну. 27 жаштагы дарыгер өзү сыяктуу ооруга чалдыккан жарандарга жардам берет. Ал атайын билим алып, укалоо ыкмасын үйрөнгөн. Бактияр өз кесиби менен сыймыктанат. Шал оорусуна дуушар болгон бейтап үчүн укалоо абдан маанилүү экенин айтат.
Иштин көзүн таба билген дарыгерди Нарынга оорулуу балдардын ата-энелери чакыртышкан. Башынан илдеттин азабын көп тарткан каарман дароо макул болуп, өз ишин Теңир-Тоодо жүргүзүп жатат.
Облус аймагында туубаса шал оорусуна чалдыккан 338 жаран бар. Мамлекет тарабынан алар камкордукка алынып, ар кандай жардамдар көрсөтүлөт.