Жаңылыктар
Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалды
Саясат
Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Нурболот Мирзахмедов Өзгөчө кырдаалдар министринин кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ал эми, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Нурболот Мирзахмедов Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.