Жаңылыктар
Жаңы окуу жылынан тарта окуучулар тандаган сабагын гана окуйт
Билим
Жаңы окуу жылынан тарта окуучулар тандаган сабагын гана окуйт

Быйылкы жаңы окуу жылынан тарта 10-11-класстын окуучулары өзү тандаган сабакты окуп баштайт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова парламенттин жыйынында билдирди. Эл өкүлдөрү 9-класстан кийин окуучулардын сабакка кызыгуусу жоголорун айтып, окуучуларга тандоо мүмкүнчүлүгү качан берилерин сурады. 

Жалпы орто билим берүүчү мектептердеги окутулган 14 предметти эмес, анын ичинен даярданып жүргөн кесибине байланыштуу жети сабак боюнча билим алуу керек деген оюн билдиришти. Буга жооп берген Жусупбекова учурда жер-жерлерде пилоттук долбоорлорду даярдоо дээрлик аяктап калганын жана тармактык окутуу боюнча ар бир облус менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. 

Пилоттук долбоор алгач Бишкек шаарында башталып, №12 мектептин 10-11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү медицина тармагына кандайдыр бир деңгээлде даяр болуп чыгарын кошумчалады. Мындан сырткары, 5-класстан жогоркуларга англис тили сабагы жумасына эки саат өтүлсө, азыр беш саатка көбөйтүлгөнүн билдирди. Ошондой эле, чет тилдерин окутуу ыкмасы өзгөртүлүп, пикир алышууга басым жасалганы айтылды.