Жаңылыктар
Д.Нарымбаевдин сотунда Өмүрбек Текебаев көрсөтмө берди
Коррупция
Д.Нарымбаевдин сотунда Өмүрбек Текебаев  көрсөтмө берди

Бишкек шаардык сотунда Президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Ходжимурат Көркмазовдун иши боюнча соттук отурум уланды. Бүгүнкү процессте парламент депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев көрсөтмө берди.

Эл өкүлүн күбө катары чакыруу өтүнүчүн буга чейин мамлекеттик айыптоо келтирген. Отурумда Жогорку Кеңештин кызматкери Ольга Плотникова 2015-жылдын 7-майында акча менен парламент имаратына кирип чыкканын аныктоо боюнча сөз болду. 

Буга чейин мамлекеттик айыптоо бул күнү Плотникованын Ак үйгө киргенин далилдеген фактыларды келтирген. Бирок депутаттык топтун текшерүүсү тескери жыйынтык берүүдө. 

Данияр Нарымбаев менен Ходжимурат Көркмазов кызматынан кыянаттык менен пайдалануу жана мурдагы депутат Нариман Түлеевдин кызынан ири суммада пара талап кылган деп айыпталууда.