Жаңылыктар
Абылгазиев өкмөттүн ишинин жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү
Саясат
Абылгазиев өкмөттүн ишинин жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөттүн планы - бул абстракттуу документ эмес. Ал түшүнүктүү жана айкын болуп, иш жүзүндө натыйжа алып келүүгө тийиш. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы министрликтердин жана ведомстволордун иш планын аткаруунун жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңешменин жүрүшүндө айтты. Кеңешменин жүрүшүндө реалдуу сектор, экономика, социалдык чөйрө, укук коргоо органдары боюнча отчеттор угулду. 

Премьер-министрдин айтымында, бир катар багыттар боюнча иштин жакшыруусуна карабастан, министрликтердин жана ведомстволордун иш планында жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке пландарында көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу жетишсиз деңгээлде турат. 2019-жылы министрликтердин жана ведомстволордун иш планын чечүү үчүн 473 тапшырма киргизилген. 

Белгиленген милдеттердин жарымы жыл аягына карата аткарылган. Өкмөт башчынын пикиринде, планды бекитүүдөн мурда тигил же бул тапшырма аткарылып, конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө шарт түзөрүн терең талдоо кажет.