Жаңылыктар
Байкоочу кеңеш КТРК жетекчилигинин ишине жогору баа берди
УТРК жаңылыктары
Байкоочу кеңеш КТРК жетекчилигинин ишине жогору баа берди

23-январда Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешинин кезектеги отуруму болду. Анда Байкоочу кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Нурия Айдабосунова- Ааламдашуу доорунда маданиятты, айрыкча көчмөндөр элдеринин бай маданиятын сактоо, элдердин инсандык сапатын жогорулатып, дүйнөдөгү жашоо нукту ирээтке салуу зарылдыгы туурасында докладын окуду. Анын айтымында, улуттун баалуулуктарын, маданиятын жана турмуш-тиричилигин чагылдырууга КТРК өзгөчө басым жасап келет. 

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө, КТРКдан берилип жаткан көрсөттүлөр туурасында пикирлер айтылып, кызматкерлердин кесипкөйлүгүн арттыруу маселесин талкуулашты. Мындан сырткары, жетекчиликтин ишине жогору баа берилди.