Жаңылыктар
Египетте жоголгон учактын калдыктары табылды
Дүйнө
Египетте жоголгон учактын калдыктары табылды

Египетте жоголгон лайнердин калдыктары Жер Ортолук деңизинен табылды. Кырсык болгон жерде жүргүнчүлөрдүн сөөктөрү да табылып жатканын дүйнөлүк маалымат каражаттары кабарлап жатат.

Кечээ Грециянын күчтөрү Парижден Каирге багыт алган учактын калдыктары Крит аралына жакын жерден аныкталганын маалымдаган.

Мисир бийлиги кырсыкка эмне себеп болгонун айтуу азырынча эрте дейт. 19-майдын түнү Парижден Каирге сапар алган Аэробус A320 учагы коноруна 20 мүнөт калганда дайынсыз жоголгон. Ичинде 66 адам болгон.