Жаңылыктар
Социалдык фонд 830 млн сом каражатты пенсияны жогорулатууга багыттайт
Экономика
Социалдык фонд 830 млн сом каражатты пенсияны жогорулатууга багыттайт

Социалдык фонддун ушул жылдагы бюджетинин 830 миллион сомго жакын каражаты пенсияны жогорулатууга багытталат. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. 2020-жылга Социалдык фонддун негизги параметрлери киреше бөлүгү 57 млрд 892 млн 100 миң сомду, чыгаша бөлүгү 57 млрд 104 млн 900 миң сомду түзөт. Ал эми бюджеттин профицити 787 млн 200 миң сомдун тегерегинде белгиленди. Социалдык фонд пенсиялык тарифтик саясатты реформалоону негизги милдети катары кароодо. Социалдык фонддун 2020-жылга карата бюджети бекитилди. Тиешелүү майзамга Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

“Биринчиден пенсиялык тарифтик саясатты реформалоо. Бул 2018-жылы башталган. Мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп анын алкагында ЖКтин, өкмөттүн жана бир топ ведомстволордун катышуусу менен бир топ сунуштар берилген. Анын ичинде пенсиялык тарифтик саясат жана пенсиялык топтомо компонентинин саясаты жана аскер кызматкерлеринин пенсия менен камсыздоо. Негизги сунуштар берилип өкмөттүн кароосунда болуп жатат. Эртерек мөөнөтүнөн мурда жеңилдик шартта чыккан пенсиялардын санын кыскартуу боюнча дагы сунушутар бар” а ЖКтин, өкмөттүн жана бир топ ведомстволордун катышуусу менен бир топ сунуштар берилген. Анын ичинде пенсиялык тарифтик саясат жана пенсиялык топтомо компонентинин саясаты жана аскер кызматкерлеринин пенсия менен камсыздоо. Негизги сунуштар берилип өкмөттүн кароосунда болуп жатат. Эртерек мөөнөтүнөн мурда жеңилдик шартта чыккан пенсиялардын санын кыскартуу боюнча дагы сунушутар бар”,- деди Социалдык фонддун басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов.