Жаңылыктар
«Манас» эл аралык аэропортунун иштөө убактысы өзгөрөт
Кыргызстан жаңылыктары
«Манас» эл аралык аэропортунун иштөө убактысы өзгөрөт

Жаз айынан тарта «Манас» эл аралык аэропортунун иштөө убактысы өзгөрөт. Бул тууралуу аба майдандын басма сөз кызматынын башчысы Алия Курбанова билдирди. Жыл сайын оңдоо иштери өткөрүлөт. Быйыл 13-апрелден 30-октябрга чейин аба майдандын учуу-конуу тилкелери, учак токтоочу жерлер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. 

Жарандарга ыңгайсыздык жаратпоо үчүн ремонт иштери дүйшөнбү, шаршенби, жума жана ишемби күндөрү кечки саат сегизден түнкү үчкө чейин болот. Оңдоо иштерин «Манас» аэропорту өзү каржылайт.