Жаңылыктар
ИИМ: "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында кылмыштуулук азаюуда
Кырсык
ИИМ: "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында кылмыштуулук азаюуда

ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын санариптештирилген командалык борборуна мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, шаар ичиндеги видеокамералардагы маалымат Борборго түшөт. Ал операторлор тарабынан иштелип чыгып, окуя болгон жерге патрулдук экипаж жөнөтүлөт. 

Борбордо 14 кызматкер нөөмөттө турат. Кеңештин төрагасы Ялкун Даутовдун белгилөөсүндө "Коопсуз шаар" долбоорунун жана Кайгуул кызматынын ишке кириши менен кылмыштуулук азайган. Бул тажрыйбаны республиканын бардык аймактарына жайылтуу зарылдыгы турат.