Жаңылыктар
Нарын шаарынын борбордук базарында өрт чыкты
Аймак
Нарын шаарынын борбордук базарында өрт чыкты

Нарын шаарынын борбордук базарында өрт чыкты. Анда базардын ортосунда жайгашкан эки кабаттуу үй-тиричилик техникасын саткан дүйкөндүн имараты күйгөн. Өрт өчүрүү кызматы тилсиз жоону өчүрүп үлгүрүшкөн. Күбөлөрдүн айтымында өрт электр зымдарынан чыккан. Учурда өрттүн келип чыгышы жана материалдык чыгымдар такталып жатат, жабыркагандар жок.

"Бизге саат 11:00 чамасында чалышкан. Келген маалда өрт жаңыдан имараттын ичине кирип жатыптыр. Биздин наряд ыкчамдык менен өрттү токтотуп калышты",- деп билдирди ӨКМдин Нарын облусундагы башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Кулназаров.