Жаңылыктар
Көркөм өнөр музейинде онлайн галерея жана сайт түзүлдү
Маданият
Көркөм өнөр музейинде онлайн галерея жана сайт түзүлдү

Бишкектеги Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде 4 миңден ашуун сүрөт жана скульптура боюнча 1 миңге жакын көркөм чыгармаларды камтыган онлайн галерея жана сайт түзүлдү. Долбоордун эң негизги максаты - санарип технология аркылуу музейде чогулган маданий мурасты эл арасында кеңири жайылтуу жана өлкөгө болгон туристтик кызыгууну жогорулатуу. Долбоордун алкагында музейге жогорку ылдамдыктагы интернет өткөрүлүп, ноутбук жана башка керектүү буюмдар алынган.

“Музейдин коллекциясы бардык учурда дисктерде турат. Былтыр Бразилияда белгилүү музей күйүп кеткен. Ошон үчүн ар бир музей өзүнүн коллекциясын сактай билиш керек”,- деди илимий үгүт бөлүмүнүн башчысы Алмакан Найзабекова.