Жаңылыктар
Орусиянын белгилүү жазуучусу В. Карпенко Бишкекте
Кыргызстан жаңылыктары
Орусиянын белгилүү жазуучусу В. Карпенко Бишкекте

Кыргызстанга Орусиянын белгилүү жазуучусу Вячеслав Карпенко келди. Сапарынын максаты - Кыргызстандын жазуучулары менен кызматташуу. 

Вячеслав Карпенконун чыгармалары көбүнчө жаратылышка байланыштуу. Ал Кыргызстанга биринчи келип эле жаратылышына таң калып, жактырып калган. Кененирээк изилдөө үчүн ал Жети-Өгүздүн тоолорун кыдырып чыккан. 

Убагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп, аны менен баарлашып калганына сыймыктанат. Карпенко биздин жазуучулар менен жолугуп, өз чыгармаларын кыргыз тилине, кыргыз чагырмаларын болсо орус тилине которуу менен кызматташтыкты бекемдөөнү пландоодо.