Жаңылыктар
Президент Тигран Саркисянды "Даңк" медалы менен сыйлады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Тигран Саркисянды "Даңк" медалы менен сыйлады

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды Кыргызстанды Евразия экономикалык биримдигине интеграциялоого жана Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Даңк" медалы менен сыйлады. Президент Тигран Саркисянды кабыл алганда 2019-жыл Евразиялык экономикалык Биримдик жөнүндө макулдашууга кол коюлгандыгынын 5 жылдыгы жана евразиялык интеграциясынын идеясынын 25 жылдыгына арналган ири иш-чараларга бай болгондугун белгиледи. Бүгүнкү күндө ЕАЭБ жаш жана тез өнүгүп келаткан интеграциялык уюмдардын бири болуп, ага мүчө-мамлекеттердин көптөгөн негизги экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырып жатканы байкалганын айтты. 

Президент Тигран Саркисяндын Евразия экономикалык комиссиясына төрагалык кылган мезгилинде Кыргызстандын ветеринардык көзөмөлдөө системасы жөнгө салынганын, пенсиялык камсыздоо Макулдашуусу боюнча маселе чечилгенин жана евразиялык интеграция маселелери боюнча башка бир катар маанилүү чечимдер каралып, кабыл алынганын белгиледи. Тигран Саркисян ал иштеген убакыт ичинде көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине ыраазычылык билдирди.