Жаңылыктар
Жол эрежесин бузууга эмне себеп?
Кыргызстан жаңылыктары
Жол эрежесин бузууга эмне себеп?

Эксперттердин пикиринде, "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке кириши менен жолдо жүрүү эрежелерин бузуулардын көлөмү эки эсеге азайган. Бирок Бишкек - Ош менен Бишкек - Торугарт жолдорунда жол кырсыктары катталууда. Ага айдоочулардын ылдамдык боюнча жол эрежелерин сактабаганы себеп болууда.

Бир нече күн мурун Сокулук районунда жол кырсыгы катталып, андан үч адам каза болду. Дагы жети адам жаракат алып ооруканага кайрылды. Мындан улам чоң ылдамдыкта жүрүүчү жолдордо көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгы келип чыкты. Жүргүнчу ташыган айдоочулардын даярсыздыгы дагы абалды курчутууда. 

"Коопсуз шаар" долбоорунун киргизилиши менен Бишкекте унаанын көптүгүнө карабастан жол бузуулар эки эсеге азайган. Адистердин айтымында эл аралык маанидеги трассаларда козөмөлдү күчөтүү керек. 

Мас абалында рулга отурган айдоочулар тарабынан жолдордо кооптуу абал тузүлөт. Кыргызстанда буга эң катаал чара катары айып пул каралган. Ал эми Казакстанда айдоочу мындай факты менен экинчи ирет кармалса, айдоо күбөлүгүнөн өмүр бою ажыратылат. 

Интернет айдыңында жол кырсыгына байланыштуу үрөйдү учурган тасмалар жетиштүү. Бирок буга карабастан, анын саны азайбай келет. Психологдор муну адамдар өмүрдүн баасын баалабай калганы менен түшүндүрөт.

Унаага отурган ар бир адам өзүн гана эмес, жакындарын ойлошу керек. Ал эми жүргүнчу ташыган айдоочу транспортко түшкөн ар бир адамдын өмүрүнө жооптуу экенин унутпаса.