Жаңылыктар
Коронавирус дүйнөнү дүрбөлөңгө салды
Ден соолук
Коронавирус дүйнөнү дүрбөлөңгө салды

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган -коронавирус. Декабрь айынын аягында Кытайыдын Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин болжолдуу айтышкан. Вирус алгач ирет 1965-жылы пайда болгон. Анын 30дан ушуун түрү бар. Ошол 30 түрдүн алтоосу адам ден соолугуна зыян келтирет. 

Алтоонун ичинен төрт түрү бардык эле илдетти козгогуч вирустуу инфекциялар сыяктуу өрчүп-өнүгүп 5-7 күндүн ичинде айыгат. Ал эми «оор респиратордук синдром» жана «Жакынкы Чыгыш респиратордук синдром» делгендери бир аз татаалыраак өтүшү мүмкүн. Бирок бул оорудан адам айыгып кетет. Ал эми Кытайда күч алып жаткан дарт коронавирустун жаңы тиби.