Жаңылыктар
2019-жылы өлкө боюнча жалпысынан 418,8 чакырым жол оңдолду
Экономика
2019-жылы өлкө боюнча жалпысынан 418,8 чакырым жол оңдолду

2019-жылы жолдорду куруу, капиталдык жана орточо оңдоп-түзөөнүн жалпы көлөмү инвестциялык долбоорлорду эсепке алуу менен 418,8 чакырымды түздү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 2019-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен асфальт-бетон төшөө боюнча жол иштери 136 чакырымды түзгөн. 

Мамлекеттик капиталдык салымдын эсебинен негизги тизме боюнча - 58,5 чакырым, райондук борборлор боюнча - 140,9 чакырым жол оңдолгон. Ал эми долбоорлор боюнча насыя жана гранттык каражаттардын эсебинен узундугу 83,4 чакырым жерде жол-курулуш иштери бүткөрүлгөн.