Жаңылыктар
Испаниядагы “Глория” бороонунун кесепети
Дүйнө
Испаниядагы “Глория” бороонунун кесепети

Испанияда “Глория” деп аталган бороондон 13 киши каза болуп, төрт адам дайынсыз. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазууда. Өлкөнүн премьер-министри Педро Санчес жабыркаган аймактарды тик учак менен кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Ылдамдыгы саатына 144 чакырымга жеткен, жаан аралашкан катуу шамал Испаниянын аймагына жекшембиде жеткен. 

Деңиздеги толкун 13 метрге чейин көтөрүлүп, айрым аймактарда калың кар түштү. Он миңдеген турак жай электр жарыксыз калган. Кырсыктын кесепетинен көпүрөлөр, темир жолдор иштен чыкты. 2003-жылдан берки эң кубаттуу делген «Глория” бороону жумага караган түнү гана басаңдады.