Жаңылыктар
Москва шаарында мекендештер Мавлид кечесин өткөзүштү
Дин
Москва шаарында мекендештер Мавлид кечесин өткөзүштү

Москва шаарында мекендештер Мавлид кечесин өткөзүштү. Бул жерге чогулгандар дин аалымдарынан түрдүү баяндамаларды угуп, руханий азык алып, турмуштук турдүү азгырыктарга берилбей, туура жолдо жүрүүгө багыттаган сабак алды.

6 миң орунга ылайыкталган ири залда бош орун калган жок. Бул жерде кыргыз калоритиндеги өзгөчө маанай, аны толуктаган жайдары жүздөр. Өлкөнүн гимни 6 миң адамдын аткаруусунда жаңырып, “Манас” эпосунан үзүндү айтылды. Мавлид кечеси Москва шаарында, быйыл сегизинчи жыл катары менен белгиленүүдө. Мекендештер бул жерге чогулуп, руханий тынчтыкта, дин аалымдарынан түрдүү насаат угуп, көкүрөгүндөгү айрым көйгөйдөн аз да болсо арыларын айтат.

Чогулгандар Чубак ажы Жалиловдун чыгып сүйлөөсүн өзгөчө күттү. Анткени ал берилген суроолорго жалпак тилде, жеткиликтүү жооп берет. Иш чарага Муфтий баш болгон аалымдар менен дипломаттар катышты. Кечеге келгендер элчинин оозунан миграциялык жеңилдиктерге байланыштуу жакшы кабар угушту. Тынчтык, ынтымак жана биримдик - Мавлид кечесинин негизги чакырыгы болуп калды. Иш-чаранын соңунда оюн ойнотулуп, жеңүүчүлөр умар зыяратына жолдомого ээ болду.