Жаңылыктар
Кумтөрдөгү чыгымдын суммасы такталууда
Кылмыш
Кумтөрдөгү чыгымдын суммасы такталууда

"Кумтөр Голд компани" жабык акционердик коомунун активдери менен каражаттарынын чыгарылышы тууралуу факт боюнча чыгымдын суммасын аныктоо боюнча иликтөө уланууда. Бул туурасында Башкы прокуратура "Кумтөр Голд компани" жабык акционердик коомунун жана Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчисине карата Кылмыш кодексинин 221-беренеси боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берүү учурунда билдирди.

Бул кылмыш иши Башкы прокуратура, УКМК, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын жана ИИМдин тергөөчүлөрүнөн турган тергөө тобу иликтеп жатканы буга чейин маалымдалган. 

Иштин алкагында быйылкы жылдын 28-29-апрелинде соттун чечимининин негизинде «Кумтөр Голд Компани» жабык ачык акционердик коомунда тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө компаниянын каржы-чарбалык ишмердиги боюнча кагаз жүзүндөгү жана электрондук варианттагы документтер алынган болчу. 

Азыркы тапта бул иш боюнча чыгымдын суммасын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда, анын жыйынтыгы боюнча тиешеси бар тараптардын бардыгы кылмыш жоопкерчилигине тартылат.