Жаңылыктар
КТРКнын башкы директорунун орун басары Шайырбек Абдырахман уулу кызматтан кетти
УТРК жаңылыктары
КТРКнын башкы директорунун орун басары Шайырбек Абдырахман уулу кызматтан кетти

Коомдук телерадиоберүүлөр корпорациянын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары Шайырбек Абдырахман уулу өз каалоосу менен кызматтан кетти. 

Анын ордуна "ЭЛТР" телерадио компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Мусаев дайындалды. Бул тууралуу КТРКнын концерттик залында өткөн жыйында маалым болду. Анда Шайырбек Абдырахман уулу өз ыктыяры менен кетип жатканын белгилеп, жамаатка, жетекчиликке ыраазычылыгын билдирди. 

Эске салсак, Шайырбек Абдырахман уулу КТРКга 2001-жылы келип, 20 жылдын ичинде ар кандай кызматтарда иштеген. Ал эми 2018-жылдын 21-июнунда Коомдук каналдын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары болуп дайындалган.