Жаңылыктар
Ленинград курчоосунда калгандар эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ленинград курчоосунда калгандар эскерилди

Бүгүн Ленинград толугу менен фашисттик курчоодон бошотулган күн. Мындан 76 жыл мурда Ленинград шаары кандуу согушта 872 күн курчоодо калган. Калаа тургундары бул күндөрү ачкачылык, суук, өлүм жана такай жардырууларды башынан кечирген. Мындан улам, Лениградды курчоодон бошотуу күнү Ленинграддын жашоочуларынын гана эмес, Советтер Союзунун бардык адамдарынын Улуу Жеңишке ишенимин бекемдеген күн, - деди Президент Сооронбай Жээнбеков митинг-реквиемде. 

Мамлекет башчы бул күн Улуу Ата Мекендик согуштун тарых барактарында кайталангыс баатырдык катары сакталаарын да белгиледи. Согуш жылдары курчоодо калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алардын 3,5 миңи балдар болгон. Ошол эле учурда Сооронбай Жээнбеков быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы Кыргызстанда жалпы элдик майрам катары жогорку деңгээлде белгилене турганын да кошумчалады. 

Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил бактагы Ленинград блокадачыларынын эстелигинин жанында өткөн эскерүү иш чарасына "Ленинград блокадачылары кыргыз коому" уюмунун төрайымы жана мүчөлөрү, согуш ардагерлери жана шаар тургундары катышты.