Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коёт. Бул туурасында өкмөт мүчөлөрү Нарындын Ат-Башы районунда жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анда тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү районундо курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борбору боюнча жергиликтүүлөрдүн суроолоруна жооп беришти.