Жаңылыктар
Үрүмчү - Бишкек авиакаттамы убактылуу токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Үрүмчү - Бишкек авиакаттамы убактылуу токтотулду

Кытайда тарап жаткан коронавируска байланыштуу Үрүмчү - Бишкек авиакаттамы убактылуу токтотулду. Аны менен бирге чет өлкөлөрдөн келген ар бир жургүнчү тиешелүү текшерүүдөн өткөн соң гана республика аймагына киргизилүүдө. 

Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев “Манас” эл аралык аба жайында жана кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” өткөрмө бекетинде коронавирустун өлкө аймагына кирүүсун алдын алуу үчүн түзүлгөн санитардык-карантиндик пункттардын иши менен таанышты.