Жаңылыктар
Айбек Мусаев КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды
УТРК жаңылыктары
Айбек Мусаев КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды

Коомдук телерадиоберүүлөр корпорациянын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары Шайырбек Абдырахман уулу өз каалоосу менен кызматтан кетти. Анын ордуна "ЭЛТР" телерадио компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Мусаев дайындалды. Шайырбек Абдырахман уулу өз ыктыяры менен кетип жатканын белгилеп, жамаатка, жетекчиликке ыраазычылыгын билдирди. 

20 жылдан бери телевидения тармагында иштеп келген Шайырбек Абдырахман уулу алгач 2001-жылы КТРКнын босогосун аттап, режиссердун ассистенти кызматына кабыл алынган. Талыкпаган эмгегинин артында 2018-жылдын 21-июнунда Шайырбек Абдырахман уулу Коомдук каналдын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары болуп дайындалган.

Шайырбек Абдырахман уулунун эки жылдык ишмердүүлүгүнүн алкагында радиодо бир топ жаңылануулар болду. Негизгилерине токтолсок, КТРКнын 4 радиосунун студиялары оңдоп түзөө иштеринен өттү, тасмаларды, мультфильмдерди которуу долбооруна каражат бөлүндү, мындан тышкары радио уктуруулар видеого тартылып, социалдык тармактарга жайгаштырылып башталган.

Кесиптештеринин айтымында, Шайырбек Абдырахман уулу бирден бир мыкты жетекчилердин катарында. Эми анын ордуна дайындалган "ЭЛТР" телерадио компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Мусаевден да үмүттөр чоң. Көп жылдар бою балдарга арналган көрсөтүүлөрдү даярдап, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон Айбек Мусаев да эмгек жолун КТРКдан баштаган. Андан соң өлкөдөгү белгилуу телеканалдарда ар кандай кызматтарда иштеген. Акыркы алты жыл "ЭЛТР" телерадио компаниясында жетекчилик кызматты аркалаган.

Айбек Мусаев КТРКнын радио бөлүмүн жакшыртканга бар күчүн жумшаарын айтып, жаңы орун менен жоопкерчилик да чоңойгонун белгиледи.