Жаңылыктар
Тырмагын кемиргенди жакшы көргөн адам бир өлүмдөн калды
Дүйнө
Тырмагын кемиргенди жакшы көргөн адам бир өлүмдөн калды

Афганистанда  жүргүнчү ташуучу учак кулап түштү.

Япония өз жарандарын Ухань шаарынан чыгарып кетүүгө даярданып жатат.

Тырмагын кемиргенди жакшы көргөн адам бир өлүмдөн калды.


27-январда афганистандык авиакомпанияга тиешелүү учак кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.Маалыматка ылайык, учак Афганистандын чыгышындагы Газни провинциясына кулап түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча бортто 83 жүргүнчү, ал эми айрым булактар 110 жүргүнчү болгон деп жазууда.Авган бийлиги учак кыйраган жерге атайын отряддын кеткенин билдирген. Кырсыктын себеби такталууда.


Япония коронавирустун айынан өз жарандарын 28-январдан баштап Ухань шаарынан атайын авиа каттам менен алып чыгып кетүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазууда.Жазылган маалыматка ылайык, азыркы учурда Кытайдын Хубэй провинциясында жайгашкан Ухань шаарында 700гө чукул Япон жарандары бар экендиги жана алардын ичинен 430у менен байланыш болгондугун айтышкан. Япониянын премьер-министри Абэ Синдзо журналисттерге берген маегинде Япон жарандарын Ухандан алып чыгып кетүү аракеттери каралып жаткандыгын айткан.Мындан сырткары, Япониянын тышкы иштер министри Тосимицу Мотеги Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу жарандарды эвакуациялоо планы тууралуу баарлашкан.


Индиянын Одиша штатында жаш дарыгер жардамчылары менен төрөттөн кансыраган аялды 8 саат бою санитардык көтөргүч менен ооруканага жеткирип, өмүрүн сактап калышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.Радхешьям Жена балдарга шал оорусуна  каршы вакцина жүргүзүү үчүн Одиша штатындагы алыскы тоолуу айылга барган. Дарыгер балдарды көрүп жаткан маалда, эгиз балдарды күтүп жаткан аялдын толгоосу башталып калган. Бир баласы жарыкка келгенден кийин аял көп кан жоготуп, абалы начарлап кетет. Дарыгер аны тез арада ооруканага жеткириш керектигин түшүнүп, жардамчылары менен тоолуу айылдын жалгыз аяк жолу менен аялды медициналык көтөргүчкө салып жөнөшөт. 8 киши 8 саат дегенде 30 чакырым жолду басып өтүп, кансыраган аялды ооруканага жеткиришкен. Тилекке каршы, өлүү төрөлгөн экинчи баласын сактап кала алышкан эмес. Бирок энени аман алып калышкан.


Шотландиянын Глазго шаарынын жашоочусу тырмагын кемирген адатынан улам өмүрүнө коркунуч келтирген оору жуктуруп алган. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды. Ал манжасы шишип кеткендиктен, ооруканага жаткырылган. Тааныштарынын айтымында, ал тырмагын тиштегилегенди абдан жакшы көрчү.Жыйынтыгында, медиктер андан паронихия деп аталган тери оорусун аныктаган. Кишиге операция жасалып, тырмагын алып салышкан. Дарыгерлер мындай оору денесине тарап кетсе, адам өлүп калышы толук мүмкүн эле деген кооптонуусун айткан.Алар жаман адаттын ээсинин тырмагы кайра калыбына келбей турганын кошумчалашкан.

Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”