Жаңылыктар
Өлкөдө экономикалык өсүш байкалууда
Экономика
Өлкөдө экономикалык өсүш байкалууда

2019-жылдын алдын ала жыйынтыктары боюнча Ички дүң продукциянын көлөмү 590 млрд сомду түзүп, экономикалык өсүш бардык тармактарында камсыздалды. Бул тууралуу өкмөт жыйынында белгилүү болду. 

Айыл чарбада 2,6%, курулуш – 10,6%, өнөр жай – 6,9%, тейлөө чөйрөсү –2,9%га өскөн. Жыйында быйыл 40га жакын айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу механизмдери иштелип жаткандыгы айтылып, ар бир район, облуста эки-үчтөн мамлекеттик жеке өнөктөштүк программаларды ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди.

Гүлнур Сманбекова, "Биринчи радио"