Жаңылыктар
Тоӊ району: Ак-Кырчоо каналынын курулушу 70 пайызга аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Тоӊ району: Ак-Кырчоо каналынын курулушу 70 пайызга аяктады

Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы Ак-Кырчоо каналынын курулушу 70 пайыз аяктады. 2018-жылы башталган курулуш иштин капсула салуу аземине мамлекет башчы катышкан. Долбоорду толук ишке ашырууга 510 миллион сом чегерилген. 

Бүгүнкү күнгө чейин 274 миллион сомдук иштер аткарылды. Каналдын курулушу 2020-жылдын ноябрь айында толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилерин суу чарба объектилерин куруу дирекциясынын директору Алмазбек Сокеев “Биринчи радиого” маалымдады. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"