Жаңылыктар
Акыркы суткада Кыргызстанда 9 өрт чыкты
Кырсык
Акыркы суткада Кыргызстанда 9 өрт чыкты

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 11 бөлүм жөнөтүлгөнүн бүгүн, 28-январда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Чүйдөгү Сокулук районунун Ала-Тоо 3 конушундагы Эркин-Тоо көчөсүндө жайгашкан мончонун 40 чарчы метр чатыры өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Аламүдүн районунун Ленин айылында турак үйдүн 40 чарчы метр шыбы күйдү. Адамдар жабыркаган жок.