Жаңылыктар
"Талибан" радикалдык уюму кыйраган учак боюнча жоопкерчиликти алды
Дүйнө
"Талибан" радикалдык уюму кыйраган учак боюнча жоопкерчиликти алды

"Талибан" радикалдык уюму Ооганстанда кыйраган учак боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Согушкерлер АКШнын аскер учагына ок атышканын айтып жатканын РИА Новости "Ariana News" телеканалына шилтеме берип жазды.

27-январда Афганистандын Ганси провинциясында аба кемеси кыйраган. Бортто 83 адам болгону айтылууда. Баштапкы маалыматтар боюнча учак афгандык "Ariana Afghan Airlines" компаниясына таандык эле. Бирок авиакомпания бул маалыматты төгүндөдү. Ал эми жергиликтүү "Tolo News" каналы учак кыйраган жерден тартылды делген видеону көрсөтүп, кеме АКШ аба күчтөрүнө таандык экенин айтууда. АКШ мурдараак бул маалыматты жалган деген билдирүү жасаган.