Жаңылыктар
Кайгуул милиция: жөө жүргүнчүнү сүзгөн айдоочу кармалды
Кылмыш
Кайгуул милиция: жөө жүргүнчүнү сүзгөн айдоочу кармалды

2020-жылдын 24-январында болжол менен саат 07:30 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз автоунаа менен Анкара көчөсүнөн батыштан чыгышты көздөй баражатып, Виноград көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, белгисиз тарапка качып кеткен. Бул тууралуу Кайгуул милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Натыйжада 1960-жылы төрөлгөн Д.Ш аттуу жаран жабыркап Бишкек травматология жана ортопедия илимий бороборуна кайрылган. Ыкчам издөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан изин суутпай «Фольскваген-Пассат» үлгүсүндөгү авто унаанын ээси 1956-жылы туулган С.А атту жаран кармалган.

Азыркы учурда кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү рестине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.