Жаңылыктар
Мамлекеттик каттоо кызматы: Жасалма паспорттор
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик каттоо кызматы: Жасалма паспорттор

Түркияда жасалма паспорттор менен кармалган Кытай жарандары кыргыз паспортторун виза алуу үчүн колдонушкан. Андан кийин алар виза аркылуу жасалма паспортторду Түркияда даярдатышкан. 

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди. Айтымында, Мамкаттоо кызматы Кытайдын жарандарынан табылган Кыргызстандын паспорттору жасалма деген жыйынтыкка келүүдө. Стамбулда кытай жарандары көрсөткөн паспорттордун сериясы менен номерлерин түрк тарап жиберген. 

Текшерүүдө жасалма паспорттордогу серия менен номерлер көрсөтүлгөн документтер Кыргызстандын жарандарынын колунда экени аныкталды. Бул паспорттор 2007-жылдан 2013-жылдар аралыгында берилген.