Жаңылыктар
Президент юстиция органдарындагы санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент юстиция органдарындагы санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, юстиция министри Марат Жаманкуловду кабыл алып, тармактагы санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты. 2020-жыл - региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы жөнүндө Жарлыкты ишке ашыруу чаралары талкууланды. 

Юридикалык жактарды каттоого табыштамаларды берүү процессин автоматташтырып, жөнөтүлгөн билдирмелер тууралуу маалыматты электрондук түрдө берүүгө жана көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн «Юридикалык жактарды онлайн каттоо» маалыматтык системасы иштелип чыгып, өлкөнүн бардык аймактарында сыноо иретинде ишке киргизилгени айтылды. 

Сот органдары документтерди карап чыккандан кийин, юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк 3 күн ичинде берилет. Ошондой эле «Электрондук нотариат» автоматташтырылган маалымат тутуму өлкөнүн бардык аймактарында пилоттук тартипте ишке киргизилген. Ал «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу нотариустун Мамлекеттик каттоо кызматы жана башка мамлекеттик органдардан маалымат алуусуна мүмкүндүк берет. Ошондой эле, Юстиция министрлигинин алдында түзүлгөн Пробация департаменти иштей баштады.

"Үстүбүздөгү жылы пробация органдары үчүн автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгып, аны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизүү пландаштырылып жатат. Үстүбүздөгү жылы пробация органдары үчүн автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгып, аны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизүү пландаштырылып жатат",- деди Юстиция министри Марат Жаманкулов.