Жаңылыктар
Улутташтырылган объектилер маселеси
Саясат
Улутташтырылган объектилер маселеси

Парламент депутаттары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун улутташтырылган объектилер боюнча ишин сынга алууда. Эл өкүлдөрүн нааразы кылганы - киреше түшчү ишканалардан бюджетке түзүк каражат түшпөйт, анысы аз келгенсип, сатыкка коюлган баалары да өтө төмөн. Улутташтырылган ишканалардын экономикалык абалын талкуулаган “Кыргызстан” фракциясы Фонд кирешелүү мамлекеттик объектилерди сатпастан, пайдасын көрүп иштетсе болмок  деген ойдо.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматы боюнча улутташтырылган объектилерден 2010-жылдан 2015-жылга чейин казынага 10 миллиарддан ашыгыраак сом түшкөн.  Баардыгы болуп, Апрель революциясынан кийин Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана анын айланасындагыларга  таандык 47 объект улутташтырылган. Бул - компаниялардагы акциялар менен үлүштөр, кыймылсыз мүлктөр, жер тилкелери менен автоунаалар. Анын 25ин мамлекеттин менчигинде калтыруу, калган  жыйырма экисин менчиктештирүү чечими бар.