Жаңылыктар
Өлкөдө айыл чарба экспортунун көлөмү өстү
Айыл чарба
Өлкөдө айыл чарба экспортунун көлөмү өстү

2019-жылдын январь-ноябрь айларында айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү тармагында өндүрүлгөн продукция 17 млрд 882 млн сомго экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Амангелди Исаев билдирди. 

Анын айтымында, мал чарба продукциялары 876 млн сомго экспорттолгон. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилинин көрсөткүчүнөн улуттук валюта менен 23,8 %га жогору. Өсүмдүк продукциялары 2018-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 33,2 %га жогорулап, 8 млрд 579 млн сомду түздү. 

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы 8 млрд 376 млн сомго экспорттолду. Белгилүү болгондой, Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктары дүйнөнүн 75 өлкөсүнө экспорттолууда.