Жаңылыктар
Медиктерге иш убактысында уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды
Дүйнө
Медиктерге иш убактысында уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды

Түркмөнстанда медицина кызматкерлерине иш убактысында уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды.

Шотландияда күнөөсү жок жаран 3 күн тергөө абакта отурган соң акталган. Ага компенсация  төлөнгөн.

Афганистанда кулап түшкөн учакты «Талибан» кыймылы атып түшүргөнүн мойнуна алды.


Түркмөнстандын борбору Ашхабадда медицина кызматкерлерине жумуш убактысында чөнтөк телефон колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү радиолордун биринде жарыяланган.Анда айтылгандай, мындай тыюу салуунун себептери ачыкталган эмес. Дарыгерлер жумушка келгенде чөнтөк телефонун башкы дарыгерге берип же үйлөрүндө калтыруусу керек.Мындан сырткары, мындай чектөө буга чейин мектеп окуучуларына, ошондой эле мугалимдерге дагы киргизилген.Окуучуларга киргизилген чектөөнү ата-энелер чогулушунда чөнтөк телефонду колдонуу балдарды тарбиялоодо терс таасирин тийгизери айтылган.


Шотландияда күнөөсү жок жаран 3 күн тергөө абакта отурган соң акталган. 4 жылдан кийин гана анын иши каралып, бейкүнөө боло туруп абакта отуруп чыкканы үчүн компенсация берилген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.2015-жылы Гари Уэббдин үйүнө полиция кызматкерлери бастырып кирип, аны кылмышка шектүү катары кармашкан. Гари түшүнбөстүктөр болуп жатканын, ал кылмыш жасабаганын айтса да анын сөзүн эч ким уккан эмес. "Мага эч ким  ишенген жок. Мен жинди болуп кетем деп ойлогом. Колума кишен салып, коркунучтуу  күнөөнү моюнума коюп салышты", - деп ал окуя тууралуу эскерип келет.Ошентип Уэбб 1 түн полиция бөлүмүндө, 3 түн кылбаган кылмышы үчүн тергөө абагында жаткан. Кийинчерээк полиция кызматкерлери адашып башка кишини кармап алышканын билип, Уэббди эркиндикке чыгарышкан. Анын айтымында, эч ким ага эмне болгонун түшүндүргөн эмес жана туура эмес кылган иши үчүн кечирим сурашкан эмес. Мунун кесепетинен ал психологиялык жактан жаракат алып, жумуштан кетүүгө аргасыз болгон. Окуяга нааразы болгон Гари аны мыйзамсыз кармашканы үчүн арыз менен тиешелүү бөлүмгө кайрылган. Эки жыл карагандан кийин анын арызын кабыл албай коюшкан. Нааразы болгон Уэбб Шотландия полициясынын мыйзамсыз иликтөө боюнча комиссиясына кайрылган. Окуяга тиешелүү 5 полиция кызматкери камакка алынганы менен 2 жылдык иликтөөдөн кийин алардын эч кимиси жоопкерчиликке тартылган эмес. Жыйынтыгында 60 жаштагы Уэбб моралдык компенсация катары 100 миң фунт стерлинг б.а. 130 миң доллар алган.


Афганистанда кулап түшкөн учакты «Талибан» кыймылы атып түшүргөнүн мойнуна алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты."Учак "Талибан" кыймылы көзөмөлдөгөн аймакка кулаган."Талибан" кыймылы учакты атып түшүргөнүн мойнуна алды. Учактагы бардык адам каза болду. Ичинде АКШ чалгынынын башкы  офицерлери болгон.Афганистан бийлигинин маалыматына караганда, учак толугу менен күйүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.Мурдагүнү, 27-январда Афганистандын чыгышындагы Газни провинциясына жүргүнчү ташуучу учак кулап түшкөнүн чет элдик басылмалар жазган. Анда бортто 83 жүргүнчү болгону айтылган. Афган бийлиги учак кыйраган жерге атайын отряддын кеткенин билдирген.Кийин такталган маалымат боюнча кулап түшкөн учак америкалык аба күчтөрүнүн аскердик учагы экени маалым болду.

Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”