Жаңылыктар
Биометрикалык паспорттор 2021-жылдан тарта бериле баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Биометрикалык паспорттор 2021-жылдан тарта бериле баштайт

2021-жылдан тарта жалпы жарандык үлгүдөгү биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди. Аны менен бирге санариптешүү саясатын ишке ашырууда мамлекеттик каттоо кызматы кызмат көрсөтүүнүн басымдуу бөлүгүн электрондук түргө өткөрдү. Эми жарандар паспорт, күбөлүк алмаштырууда, мөөнөтүн узартууда мобилдик телефон аркылуу атайын тиркемеге кирип эле арыз билдирүүлөрдү калтырышса болот. Андан тышкары ушул жылдын жаз айларынан тарта калкты тейлөө борборлору жаны форматта иштеп баштайт.

"Калкты тейлөө борборлорундагы кызмат көрсөтүү жаңы тартипке өтүп жатат мурдагы формат жарандардын көп убактысын алчу, азыр болсо убакытты үнөмдөө максатында жаңы тейлөөнү киргизүүдөбүз. Анда жаран тейлөө борборуна келгенде консультантка кайрылат, ал кызматкерге багыттайт. Кызматкер керектүү документтерин кабыл алып, өзүнчө кеңседеги кызматкерге өткөрүп берет. Ал айрым документтерди ошол жерде чыгарып берет, айрымдарын басмаканага жиберет. Жаңы формат жарандардын убактысын үнөмдөйт",- деди Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов.