Жаңылыктар
Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын экспорттоодо эч кандай бут тосуу болгон жок
Экономика
Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын экспорттоодо эч кандай бут тосуу болгон жок

Орусия Кыргызстандан ташылып барган айыл чарба продукцияларына эч кандай бут тоскон жок. Ал жакка жөнөтүлгөн жашылча-жемиштердин кайра артка кайтарылган себеби көбүнчө коштоп жүрүүчү документтердин жоктугунан улам болууда. Бул тууралуу Өсүмдүктөр карантини департаментинин директору Илич Марсбек уулу билдирди. Тактап айтканда ташылып бараткан товарда атайын экспертизадан өткөнү, салыктарды төлөгөнү тууралуу мыйзамдуу документтеринин бири жетишсиз болгон шартта, бажы кызматтары аны кийирбей коюшу мүмкүн. Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы ушул күнгө чейин Кыргызстандан барган айыл чарба продукциялары кайра артка кайтарылганы тууралуу бир да жолу расмий кат жиберген эмес.

"Биз аларга бир нече ирет, тактап айтканда 4 ирет кат жөнөттүк. Эмне болду деп. Бирок бир да жолу ушундай деп кат келген жок. Демек кармалгандар мыйзамсыз иштегендер болушу мүмкүн",-деди Өсүмдүктөр карантини департаментинин директору Илич Марсбек уулу.