Кыргызстанда Памир кыргыздары жөнүндө кыргыз тилинде биринчи «Ысык нан» аттуу подкаст чыгарылууда. Аудиоберүү Памирдин (Ооганстан) карлуу тоо кыркаларында бир нече жүз жылдан бери этникалык кыргыздардын байырлашын, бүгүнкү күндө тагдырдын жазмышы менен жаңы жерге – Нарындагы Тянь-Шань тоо этегине жайгашуу темасын ачып берүүгө арналган.
Кайрылмандар жаңы конуштардагы турмушу кандай өтүп жатат? Алар кыргыз коомчулугу менен аралашып, анын толук кандуу бөлүгү болуп кете алдыбы же башкача айтканда алар өз үйүндөгүдөй сезе алыштыбы? Подкаст автору – Салтанат Калдыбаева философиялуу суроого жооп издейт: Дегеле Мекенинин – жыл бою чыкыроон суук, кар жана шамал өкүм сүргөн жапайы Памирди жаркын келечекке тартуучу өзгөрүүгө айырбаштоого болобу?
Бул подкаст жөн жерден «Ысык нан» деген аталышты алган жок. Автордун белгилөөсүндө, өз үйүнөн чыгып кетип жаткан ар бир адам биринчи эле кезекте үйдө жакын адамдары жасаган колдун нанын сагынат. Анын аңкыган жыты адамды толугу менен тартып алып, токчулук, жыргалчылык, кандайдыр бир коргоочулук сезимдерди тартуулайт.
Ырасында, баарыбыз үчүн нан – бул байгерчиликтин, токчулуктун жана өз коломтоңдун белгиси.
Подкасттын автору Салтанат Калдыбаева – радиожурналист. 10 жылдан ашуун «Биринчи радио» радиосунун журналисти болуп иштеп келет. «Сорос-Кыргызстан» фонду менен кызматташып, кыргыз тилиндеги материалдарды даярдоо үчүн атайын Нарын облусунда болуп, подкасттын бир нече эпизоддорун даярдады. Анда алардын ыңгайлашуусу, ишке орношуусу жана турмуш-тиричилиги тууралуу аңгеме-баяндар («стори-теллинг») камтылган.
Мындан 3 жылдай мурун Нарын облусунун аймагына Ооганстандагы этникалык кыргыздардан 10 үй-бүлө көчүрүлүп келинген. Алар деңиз деңгээлинен 4,5 миң метр бийиктиктеги Чоң жана Кичи Памирдин суук жана бийик тоолуу, чөл шартында жашап келишкен жана цивилизацияга аралашууга шарты да болгон эмес. Анда-санда гана Ооганстандын шаарларына азык-түлүк алууга барып-келишчү.
Кыргызстанга көчүп келүү алардын көптөн берки кыялы. Бир топ жыл мурун Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлдөрү Ооганстанга кезектеги экспедиция менен барып, Памирге гуманитардык жүктөрдү: азык-түлүктөрдү, жылуу кийим-кече жана дары-дармектерди жеткирип келишкен. Экспедицияга Памир кыргыздары кирип, барган делегация менен кайтып келген. Алардын делегация менен келишинин башкы максаты балдарынын билим алуусу болгон. Чындыгында эле бул максат ишке ашып, кичинекей боордоштордун кат-сабаты ачылган.
«Памир балдары бир топ ийгиликтерге жетишкен: алар ыкчамдатылган эки жылдык программа боюнча окуганды, эсептегенди жана башталгыч класстардын баардык окуу, жазууларын өздөштүрүшкөн. Буга чейин алар фарси тилинде гана жаза алышчу. Кириллица тамгасы менен жазуу аларга кыйынчылык жараткан жок»,- дейт подкаст автору Салтанат Калдыбаева өз тажрыйбасы менен бөлүшүп. Ал эми Памирден көчүп келген чоң адамдардын социалдашуусу татаалыраак болду. Турмуш көнүмүшүнөн жана азыркы кыргыздардын адаттарынан алар чыныгы маданий шокко кабылышты.
«Ал гана эмес адамдардын мончого жуунушу же жөн эле макарондун куурулушу алардын оюна эч келбеген, таптакыр жаңы көрүнүш болду»,- дейт Салтанат.
Ошол эле маалда, бул материалды даярдап жатканда памир кыргыздарынын көпчүлүгү Кыргызстандагы жашоо-турмуштун артыкчылыгын терең түшүнүп турса дагы, кайра эле өз Мекенине, бийик тоолуу Памирдеги, жыты аңкып, жаңы нан бышырып жаткан мештин айланасындагы жердештери менен жашоого кайтып кетүүнү самашаары белгилүү болду.
«Сенин жүрөгүң кайсы жерде болсо, үйүң ошол». Бул кептин айланасында ой калчап отуруп, аргасыздан «Балким Өкмөттүн кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча программасын жакшылап иштеп чыгуу керектир?» деген ой келди. Албетте, социалдык жеңилдиктерди берүү – бул жакшы деңизчи. Бирок памирликтер менен анча-мынча жашап көрүп, Мекенине болгон жүрөк ооруткан кусасын сезесиң. Анан бара-бара кан-жаныңды берип, кийинтип, ичинтип, жылытуу менен катар жүрөгүңдү ача билишиң керек экенин түшүнө баштайсың. Ал эми кыргыздардын жүрөгү ар дайым кенен.