Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар 2019-жылдагы жогорку деңгээлдеги жолугушууда жетишкен макулдашууларды ишке ашыруунун, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалды жана оор жүк ташуучу унаалардын топтолуп калуусун талкуулашты. Ошондой эле, эки тараптуу жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү жайындагы абалды чечүүнүн механизмдерин карашты.