Жаңылыктар
Аткезчиликке бөгөт. Товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды
Кылмыш
Аткезчиликке бөгөт. Товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды

25 тоннадан ашуун кымбат баалуу алкоголдук ичимдиктер, дары-дармек, кальян тамекилери жана башка азыктарды мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери “Ак-Тилек” контролдук-өткөрмө пунктунан чоң жүк ташуучу унааны кармаган. Берилген документтерде унаада кондитердик азыктар жана унаа тетиктери көрсөтүлгөн. Бирок текшерүү учурунда тетиктердин астында алкоголдук ичимдиктер, дары-дармектер жана башка жалпы көлөмү 25 тоннадан ашуун товар аныкталган.

«Вольво» үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алганда ичинен жалпы 74 куту дары-дармек, 2 куту кальян тамекилери, кондитердик азыктар, энергетикалык суусундуктар, бир нече белгисиз химиялык заттар куюлган идиштер жана кымбат баалуу алкоголдук ичимдиктер табылган.

Аткезчилик жол менен ташылып келинген дары-дармектердин сактоо мөөнөтү өтүп кеткен. Финполиция кызматкерлери маалымдагандай, айрым дарылар Саламаттык сактоо министрлигинде катталбашы толук ыктымал. Мыйзамсыз товар ташып кирүү жана ташып чыгуу фактылары 2018-жылга салыштырмалуу 2019-жылы 27 пайызга көп катталган. Бул иштер боюнча мамлекетке келтирилген зыян жүз миллион сомдон ашуун каражатты түздү.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери мындай фактыларды жалпы республика боюнча аныктоо үчүн тийиштүү иш-чараларды улантып жатат.