Жаңылыктар
Кыргыз-Швед кызматташтыгы. Кыргызстан инвесторлорду тартууга кызыкдар
Экономика
Кыргыз-Швед кызматташтыгы. Кыргызстан инвесторлорду тартууга кызыкдар

Бүгүн, Президент Сооронбай Жээнбеков Швециянын парламенти Риксдагдын биринчи вице-спикери Аса Линдестам баштаган Швеция Королдугунун делегациясы менен жолугушту. Президент Сооронбай Жээнбеков Швеция менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле парламенттик демократияны бекемдөө боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. 

Прогрессивдүү парламенттик системаны куруу үчүн барынан мурда өнүккөн экономикага ээ болуу керектигин баса белгиледи. Кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары Президент соода-экономикалык жана экологиялык тармактарды атап, Кыргызстан Швеция менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча мамилелерди бекемдөөгө даяр экенин өзгөчө белгиледи. Кыргызстан чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Швециядан да инвесторлорду тартууга кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ВСП+ макамынын артыкчылыктарын активдүү колдонууга чакырды. 

Швециянын парламентинин биринчи вице-спикери делегациянын Кыргызстанга келишинин негизги максаты - кыргыз-швед мамилелерин, өзгөчө парламенттер аралык кызматташууну бекемдөө экенин белгиледи. Швеция парламентинин депутаттары өлкөлөр ортосунда экономикалык байланыштарды бекемдөөгө, соода-экономикалык, тоо-кен иштетүү тармактарында жана экологияны коргоо маселелери боюнча кызматташууну өркүндөтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.