Жаңылыктар
Абылгазиев: "Көмүскө экономика менен күрөшүү өзгөчө маанилүү милдет"
Экономика
Абылгазиев: "Көмүскө экономика менен күрөшүү өзгөчө маанилүү милдет"

Көмүскө экономика менен күрөшүү жана экономиканын ачыктыгын камсыз кылуу татаал, бирок өзгөчө маанилүү милдет. Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү маселеси боюнча координациялык кеңеште билдирди. 

Жыйында Салык кодексинин жаңы редакциясынын тиешелүү долбоорун колдоого байланыштуу иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү, фискалдык маалыматтар операторун ишке киргизүү жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун курулушуна көрүлүп жаткан даярдыктар талкууланды. 

Мындан тышкары ишканаларда электрондук эсеп-фактураларын киргизүү, калкты тейлөөнүн моделин иштеп чыгуу боюнча чаралар каралды. Өкмөт ар кандай каршылык көрсөтүүлөргө карабастан, фискалдаштыруу системасынын бардык баскычтарын ырааттуу киргизүүгө ниеттенүүдө, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.