Жаңылыктар
Тармакка көлөкө түшүргөн соттор
Коррупция
Тармакка көлөкө түшүргөн соттор

Оор кылмыш жасагандарды эркиндикке чыгарып адилеттиктен тайган же жосунсуз жоруктарга барган айрым соттордун кыймыл аракеттери жалпы сот тармагына гана көлөкө түшүрбөстөн, сот реформасын ишке ашыруу, тармактагы коррупцияны жоюу максатында санариптештирүү иштерин ыкчамдатууну талап кылып жаткан Президенттин да атына шек келтирүүдө. 

Жылдын биринчи айында эле бир судья кызматтан кетти, экинчиси боюнча Тартип комиссиясынын жумуштан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушу президенттин кароосуна жөнөтүлгөн.