Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Бирдиктүү депозиттик эсепке 8 млн сомдон ашык акча которду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Каражат экономикалык жана кызматтык кылмыштардан улам мамлекеттин бюджетине келтирилген зыянды өндүрүүдөн түшкөн. Бул каражаттын эсебинен Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда 15 мектепке кошумча имарат куруу чечими кабыл алынган.